Мүнөзү өзгөрүп,кабагы ачылбай калганда өспүрүмгө кандай мамиле кылуу керек?

Эмнеге өспүрүмдөр ата-энесинин авторитетин тааныбай баштайт? Күзгүгө көп каранып калганынын себеби эмнеде? Каяша айтуунун түпкүрүндө эмне жатат? Жай кыймылдап, айланадагыларды жактырбай, үшкүрүнүп жатканынын себептери тууралуу психолог Асель Сүйнбаева менен маектештим. Асель айым 20 жылдан ашык мектептеги өспүрүмдөр менен иш алып барат. Ал ата-эне жана өспүрүм ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмалар менен бөлүштү. Бул каналдын максаты-ата-энелерге өспүрүм курактын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүү.

Смотрите также