"Илимдин докторунда деле балдарды чоңойтууда кыйынчылыктары болот"-дейт профессор

Бул чыгарылышыбыздын коногу — педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Акматов. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери билим берүү жана агартуу тармагында эмгектенип келет. Илимий изилдөөлөрдүн жана китептердин автору катары, ата-энелер үчүн баланы өнүктүрүү, тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча семинар-тренингдерди өткөрөт. Маекте биз балдарды чоңойтудогу атанын ролу, анын үй-бүлөдөгү орду жана баланын мүнөзүн калыптандыруудагы мааниси тууралуу баарлашабыз. Бул чыгарылыш Канада өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду "Ага Хан" Фонду менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Жарандык коом аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүү» (AGECS) долбоорунун алкагында даярдалды.

Смотрите также