Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Остеохондроз күчөп отуруп грыжага айланат Муздаткычка кайсыл азыктарды сактабаш керек
— Нерв оорулары эмнеден пайда болот? — Себептери көп. Нерв оорулары жалпы түшүнүк, алар ич ара бөлүнүп кетет. Башкача айтканда, түрү арбын. Мисалга инсульт, талма, омуртка оорусу бар. Булардын пайда болуу себептери да ар кандай. Учурда омуртка оорулары абдан көп кездешет. Неврологдорго остеохондроз оорусу менен көп кайрылышат. Илдет күчөп отуруп грыжа оорусу пайда болот. Остеохондроз — омуртка түзүлүшүнүн дарты. Бул илдет негизинен аз кыймылдагандыктан улам келип чыгат. Көбүнчө тигүү цехтеринде, офисте иштегендер арасында көп кездешет. Невропатологдорго тигүүчүлөр көп келишет. Ошондой эле оор жүк көтөрүүдөн, ашыкча салмактан, тамактануунун бузулушунан жана башка себептерден улам да пайда болот. Анан баланы жашынан түз отурууга үйрөтүү керек. Омуртканы түз кармап жүрүү да өтө маанилүү.