Кыргыз ажылыгынын тарыхы

Ажылык. Келиме айтып мусулман болгон ар бир акыл-эстүү адам күн сайын жүзүн буруп намаз окуган Каабаны өз көзү менен көрүп, аны таваф кылып, Исламдын беш түркүгүнүн бири болгон ажылык кылууну эңсейт. Мусулманчылыкты кабыл алган кыргыз эли да башка мусулман элдер сымал тээ илгертен эле ажылык амалын аткарып келген. Ооба, бүгүн биз сиздер менен жети атасы мусулман болгон ата-бабаларыбыз ажылыкка барганбы, барса кайсыл жолдор менен ажылыкка барып, ал жерден алган таасирлери аркылуу кайтып келген соң эмне иштер менен алектенгени жөнүндө айтып беребиз. Экрандан алыстабаңыздар. Бул даректүү тасмабыз тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеевтин “Кыргыз ажылары” китебинин негизинде дайардалды. Китептин максаты ыйык Мекке Мединага барган миңдеген аталарыбыздын руханий мурасын учурдагы урпактарына аманат катары жеткирүү. Ыймандуу жаштарды тарбийалоодо ажы аталарыбыздын өрнөктөрү, акыл насааттары, башынан өткөн үлгүлүү окуйаларын калың элге жайуу. Изилдөөлөрдүн натыйжасында 1800 ашык ажынын тизмеси Казакстан борбордук мамлекеттик архивиндеги документтер менен тастыкталган.

Смотрите также