Азаттык: Кечки радио эфир | 24.10.2024

22-23-октябрда Москванын Шереметьево аэропортунда Ош-Москва, Бишкек-Москва каттамы менен учуп барган ондогон кыргызстандык артка кайтарылды. Орусиянын чек ара кызматы аларга коопсуздукка байланыштуу деген жүйөнү айтышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, бул маселе көзөмөлдөнүп жатканын билдирди. Кыргызстандык мигранттардын өлкөгө киргизилбей жапырт депортацияланышы өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитине катышып жаткан учурга туш келди. _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также