“Азаттык+” | Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши” | Эрлан Бекчоро уулу, Шаршегүл Аманова, Нурболот Азамат

2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган. Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга дейре абакта жатты. 2024-жылы 14-июнда сот айыпталгандарды толук актады. Бул чечим дээрлик эки жылга созулган “Кемпир-Абад ишине” чекит койгондой болду. Айыпталгандар абактан бошотулуп, үй-бүлөлөрүнө кайтканы менен өткөндөн калган жараат толук айыга элек. “Кемпир-Абад иши” менен камалган 27 активисттин бири Эрлан Бекчоро уулу жубайы Шаршегүл Аманова экөө “Азаттыкка” маек куруп, сыноо менен коштолгон соңку эки жылды эскеришти. 00:00 Анонс 01:00 Эки жыл мурда башталган сыноо 02:10 “Абактан жазган күндөлүк, каттар спектаклге айланды” 12:00 “Абактагы күндөрдү эстегим келбейт” 15:00 “Кызым азыр милицияны көргөндө “бөө байке” деп коркот” 17:55 “3 күн уктаган жокмун”. Абактагы алгачкы күндөр 22:00 “Ар бир сот үмүт” 24:30 “Камераларга калп эле "жакшы" деп коёсуң” 26:30 “Лагманга түшүп калган катты кургатып окудум” 30:30 “Бул нерсе бизди өзгөрттү” 38:20 “Келинчегиңдин кайраты дем берет экен” 40:20 “Маданий сахнадан кантип саясий сахнага секирдим?” 47:20 “Бийликке таарынычың болот экен” 51:00 “Абактан улам жакын адамдардан айрылдык” 51:45 “Чет өлкөдө билим алгыбыз келет” 54:50 “Мен кайра камалгым келбейт, мындай азаптуу күндү көргүм да келбейт” _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также