Бактыгүл Майжанова - 04 - "Психиканын өнүгүүсү жана мээ-2"

«Психиканын өнүгүүсү жана мээ» аталышындагы лекциянын уландысы. Психикалык көрүнүштөр адамдын ишмердүүлүк жыйынтыгынан, жүрүш-турушунан байкалат. Психиканын органы болуп мээ эсептелет жана психикалык процесстер физиологиялык жак менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат. Психиканын биологиялык негизи болгон мээнин системалары жалгыз гана тышкы чөйрөнүн таасиринен жаралбастан, биринчи иретте тубаса жана генетикалык факторлордун таасиринен улам келип чыгат. Ушул жана психика менен адамдын мээсинин башка байланыштары тууралуу автордун лекциясынан кененирээк маалымат ала аласыздар.

Смотрите также