2025 01 Канча өмүр сүрөрүмдү - Ырыс Ч. - Тариел Т. - Lyrics

«Канча өмүр сүрөрүмдү» © 2025. Ырыс Чо Сөзү жана обону : Ырыс Ч. Аткаруучу : Тариел Т. Аранжировка : Максат Сабырбек уулу. Lyrics and melody : Yirus Cho, music arrangement : Maksat Sabyrbek uulu, Sung by Tariel T. Specially I want to say thanks to all my dear Kyrgyz friends (Muktar D., Asel K., and Kerez N.) who have made such beautiful and natural sounding lyrics for my songs. Кыргызча сөздөрдү оңдоп түзүүгө жардам берген Муктар Д., Асел к. жана Керез Н. ларга ыраазычылык билдирем. ----------------- «Канча өмүр сүрөрүмдү» Сөзү жана обону : Ырыс Чо Канча өмүр сүрөрүмдү жер үстүндө Билбей, жашап өтсөм да бул дүйнөдө. Болсо экен бактылуу бүт күндөрүм, Артта калып кайгырып-өкүнгөнүм... Жашоом бүтүп, бейишке барганымча, Жакыныма кам көрүп жатканымда Ээрчийин назик үнүн Кудайымдын, Татсам деймин даамын мен кубанычтын. Жердик кыска өмүрүмдө зор максатым Түбөлүктүү, ишенимдүү бир Кудайым, Орундатып тилегимди, үмүтүмдү, Ырайымын жаңылантып турса дайым. Жан–дилимди арнап кылган кызматтарым, Бул жашоодо жандай сүйгөн адамдарым, Көмүскө жасалган жакшы иштерим, Жемиш берип, болсун менин алтын таажым.

Смотрите также