Кыргызстанда «үч бурчтуу» авикаттам киргизүү пландалып жатат

Бүгүн, 27-сентябрда «Ош» эл аралык аэропортуна ата мекендик компания сатып алган «Bombardier Dash 8-Q400» учагы жүргүнчүлөр менен бирге учуп келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди. Учак 80 орунга ылайыкталган. Жүргүнчү Салтанат Бакаева Нарындан Ошко кудага келгенин айтты. Ал билетти 23-сентябрда 3250 сомго сатып алган. «Абдан жакшы учуп келип алдык. Билеттин баалары өзгөрүп турат экен, 3500, 3700 сомго чейин көтөрүлүп, кайра түшөт. Учактын ичи да ыңгайлуу», - дейт ал.

Смотрите также