Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Көчөдө калдык»: Өзгөндүн тургундары мэриянын ишине нааразы
Үйлөрүбүз мыйзамсыз бузулуп, аны менен кошо ишкерлердин кафелери да туура эмес жагдайда «сноско» туура келип калган. Бул туурал кечээ, 7-ноябрь күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө өткөн көчмө маалымат жыйында жергиликтүү тургундар билдиришти. Алардын айтымында, Өзгөн архитектурасы буга чейин алардын үйлөрүнө, кафелерге «снос» деп жазып кеткен. Кечээ «Раян» деген кафенин чатыры Өзгөн мэриясы тарабынан бузулган. Жашоочулар билдиргендей, Өзгөн мэриясы Манас көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында буга чейин да бир нече турак жайлардын айрым жерлерин бузган. Айрым үйлөрдүн дарбазалары илешкен. Жергиликтүү тургун Айнура Калдыбаева аталган көчөдөгү «Наргиз» кафесинде иштеп, насыя алып үй салганын айтып, мыйзамсыз иштер болуп жатканын белгиледи.