«Дин санат» Мусулманмын десең ук. Улукбек Дастанчы.

#динсанат Ырымда айтам келмени. Ырыстуу элге термени. Сөзүмдө айтам келмени. Сөөлөттүү элге термени. Ааламдардын ичинде Акылдуу жанбыз жердеги. Арбыдык,толдук,көбөйдүк, Арыштан Адам келгени. Өзгөчө сыйга ээ болду Өз напсысын жеңгени. Өкүттө калды өкүнүп Өзүм-өзүм дегени. Өзгөчө терме мендеги, Өткөрбөй уккун эл мени. Жаралган дүйнө кайыптан. Жараткан таза айыптан. Куралган дүйнө кайыптан. Кудайым таза айыптан. Аруулаш үчүн дүйнөнү Акылы эси майыптан. Элчисин элге жөнөттү Эл билген Мекке жайыктан. Эгемдин динин жеткирип, Эзилип күйдү Тайыфтан. Тоодой бакыт сунса да Токмок жеп жүзүн чайып кан. Камчыланып калыктан. Кабыргасы кайышкан. Калкына душман саналды Кабар берип жарыктан. Бөрүдөй талап жатса да Бөксөрбөй деми калыптан. Үммөтткө динди жеткирди Үлгү алаар өчпөс жарык шам. Теңирден түшкөн бул куран, Теңдешсиз байлык нур куран. Тексиз наадан адамга Тегеле баасыз бир куран. Алладан түшкөн бул куран, Алмашкыз байлык нур куран. Алладан жөө качканга, Арзыбаган бир куран. Кудайдан түшкөн бул куран. Куну жок байлык нур куран. Адам ата Исхактар, Алладан кана алган дин. Ысмайыл,Юсуф, Нухтардан Ыдырыс, Иса, Луттардан, Аманат болуп калган дин. Алгачкы болуп Каабаны Ибрахим салган дин. Дүйнөнүн бетин түк койбой, Зулкарнайн менен чалган дин. Зумурут такта эл бийлеп, Сулайман менен жанган дин. Кудаймын деп кутурган, Кутун өзү учурган, Намурутка жалган дин. Сахабалар улуктап, Суусаганда канган дин. Алланын дини эмес деп, Абыраха чанган дин. Ааламдардын султаны Аллахымдын балбан дин. Момундардын султаны, Мухаммедтин албан дин. Пенде билбес тилдер бар, Периште менен пирлер бар. Илимдин билген түр-түрүн, Ибилис менен жиндер бар. Пенделердин тобунда Периште сүйгөн диндар бар. Ибилистин соңунда Иритер ириң диндер бар. Ириңин ичкен илгертен, Ибилис сүйгөн элдер бар. Айттырбай билген барысын, Акылы көлгө теңдер бар. Алланы душман тутушкан, Абулахап сыяктуу, А кантем, Акылы эси кемдер бар. Жети атасы биригип. Жети атам өткөн мусулман ! Он атасы биригип, Он атам өткөн мусулман ! Өз атамдын атасы Чоң атам өткөн мусулман ! Том -томдоп китеп жараткан, Тоолук элге тараткан, Тоголок молдо мусулман ! Сабалап айткан Манасын Санаттап ата бабасын, Сагымбай өткөн мусулман ! Ааламдын элин буй кылган Ак марал айдап уй кылган, Айкөлүң өскөн мусулман ! Алдырбас колдон намысын, Андайлар кайдан табылсын, Алымбек өткөн мусулман ! Намазда башы эзилип Нан кескендей кесилип Нүзүп бий кеткен мусулман ! Жетигендей жанышкан, Жетик ойчул даанышман, Жети аке өткөн мусулман ! Эртели кеч толгонуп, Эл эртеңин ойлонуп, Олуя, Калыгул кеткен мусулман ! Касиет куту ыроолоп, Кадыр Алла жылоолоп, Олуя, Куйручук өткөн мусулман ! Олуялар пашасы, Очогор мылтык машасы, Кан Бакай өктөм мусулман ! Уулунун эмес улуттун, Энеси деп аталган. Эчен баатыр, эчен эр, Энтигип сөздөн такалган, Курманжан өткөн мусулман ! Эл сүйгөн түркүн чечендер Эшен, калпа, эчендер, Эгесине ибадат Кылгандар өткөн мусулман ! Ата-баба жолунан, Алыстап кетип тобунан, Биз болбойлу бусулган. Айнектей көзүм тунганда, Акка маюн сунганда. Гаргара жаным калкылдап, Көөдөнүмдө турганда. Кереметтүү келмени, Айтууга жарда бер Алла. Аяттардан окууга, Арт артынан токуга, Ал кубат дарман бер Алла. Ага-ини калың чогулуп, Акыркы намаз окулуп. Жалпы жамаат чогулуп Жаназа намаз окулуп. Көтөрүлүп денебиз Көргө барып коюлуп. Көөдөй үйдө жатканда, Көтөрүлгөн кайран жан, Көөдөнгө кайра кайтканда. Мункар,Накир периште Кудайың ким деп айтканда. Жардамыңды бере көр Жараткан, Аллахым сен деп айтканга. Ааламында Барзактын, Азабы күчтүү ал жактын. Сурагынан өтпөсө, Суру качат арбактын. Нукуп чагып жылаандар Нуру качат арбактын. Көр кысканда адамдын Көкүрөк сөөгү майышат. Каарына чыдабай, Кабыргасы кайышат. Чоң чокмор менен урушуп Чоң найза менен сайышат. Тозоктун отун алдыңа Тогуз кат кылып жайышат ! Жыгыта турган убактан, Жыгылбай өтсөң сурактан. Кангычакты ичесиң Каусар деген булактан. Жаткан бир жериң кең болот Жаннаттык жайга тең болот. Ар-бир кылган амалың, Адамзат, Акыретте эм болот. Лайлаха ИллАлла Мусулманбыз бир Алла, Мусулмандан капырга Бусулбайбыз биз Алла. Бакыт кушун качырып Учурбайбыз бир Алла. Улуу сапар көч тартып, Улуу макшар майданга Утурлайбыз биз Алла. Шарыят жолду кармаштан, Шайтан менен чайкаштан, Утулбайбыз бир Алла ! Макшарыңда азаптан Маанисиз толгон казаттан, Сактай көргүн жараткан ! Кыйсыпыр түркүн кылыктан, Кыйаматта былыктан Актай көргүн жараткан. Кыл көпүрө сироттон, Пенде кылгын шыр өткөн. Пейилим менен ишенип, Тилек кылам жүрөктөн. Пайгамбарым Мухаммбет. Салават айтам өзүңө Санаалаш болгун өзүмө! Жаханнам отун көргөзбө Жаннатты көрөөр көзүмө. Жаратканым күнөөм кеч, Жакшылык жазгын сөзүмө. Аптаптуу күндүн табында, Булутта кылгын жараткан, Бүткүл кылган күнөөнү, Унутта кылгын жараткан. Гүлү өсүп буралган, Күндө гүлүн сугарган. Күкүк торгой булбулдар, Сайраган күндө чынардан. Санатын күндө угалган, Сан кумардан чыгалган, Жаннаттык жандан кыла көр. Жалганыңда пендеңдин, Жалынган үнүн уга көр.

Смотрите также