Курманбек дастаны, Сейитбек дастаны. Атасынын өчүн алганы. Улукбек дастанчы
#дастандар#айтыштар#термесанаттар#комузырлары#сейитбекдастаны Камбылдан туулган эр бала, Кабылан мүнөз шер бала. Каптаган жоосун өткөрбөс, Калкына коргон чер бала. Асылдан туулган эр бала. Арыстан мүнөз шер бала. Басташкан жоосун өткөрбөс, Баарына коргон чер бала. Кабагын чытып караган, Кабыландай мараган. Кабырга тому сөгүлөт Каарына калган ар адам. Астейдил салкын караган. Арсыландай мараган. Акылы кетет жайынан Алдынан чыккан ар адам. Айныбай жоого барбасам. Азапты мыктап салбасам. Алдымдан чыкса Дөлөн хан Атамдын өчүн албасам. Кырк жарат салып боюна Кызыл канын жайбасам. Көмөлөтө кулатып Көөдөнүн жара сайбасам. Жагылган отко кетпейби, Жашымдан кылган далбасам. Деп ошентип Сейитбек, Кылкандай жоого тепчилип. Кыргынды катуу баштады, Кыйылып турбай тез кирип. Туулгасы менен баш кетет, Телтору кууса жеткирип. Өкүрүп ыйлайт кээ бири, Өлөөрүн мында кеч билип. Туйгунуң жүрөт туйлатып, Тушардан канды кечтирип. Калмак кыргыз кармашып, Кайра таң,кайра кеч кирип. Турнага тийген туйгундай, Туш тарапка сапырып. Сексен бала Сейитбек Селдей колду жапырып. Кун кууган жалпы баатырлар, Курманбек деп бакырып. Акыл эсин жыйдырбай Аламан жоону шаштырып. Сеңирде турат хан Аккан Сейитбек ишин жактырып. Мурутун сылап жымыңдап Муңун ачып каткырып. Колуна буйрук кылды эми, Калмака кир деп бастырып. Эки миң аскер каптады, Эченин жүндөй таптады. Чоң майдан туман чаң болду, Чоң өзөн аккан кан болду. Чокусунан кан кетип, Чоюн баш тийип дал болду. Кылычты тынбай шилтешип, Кыйланын колу шал болду. Найзаны кармап суна албай, Нечени жүрөт далдырап. Энтигип кан жөтөлүп, Эчени жатат жалдырап. Бир жутум сууга зар болуп, Бир тобу жүрөт шалдырап. Бир колунан айрылган, Бир тобу жүрөт балдырап. Муну көргөн Дөлөндүн Өзөгү сыздап оруду. Сейитбектин астынан, Бастырып чыгып торуду. Атасындай жайлайм деп, Акылын салып жоруду. Курманбектин Сейитбек, Кудуңдап көзү жайнады. Кан Дөлөндү көргөндө, Кан ичмеси кармады. Арыстан шердей күркүрөп Ашынып турат арбагы. Эки шер жеке чыкты деп, Эки жак тынып карады. Эки жака тарады. Элирген күлүк ат минип, Экиден зоот кат кийип. Телторуну теминди, Найза учунан от күйүп. Кан Дөлөндүн мингени, Караладай ат экен, Басташкан жоого киргенге, Баштагыдан маш экен. Алдырбас бүгүн намысты, Эгерим болсо башы эсен. Темингенде тулпарлар, Туяктан учкун чачырап. Темир тийген немедей, Тердиктей таштар бачырап. Алагар көздөн от тамып, Азуусун чайнап качырап. Ала салып кетсем деп, Азыр жетип бачым бат. Чаарала жолборс эки шер, Чагылгандай тез жетти. Ыргыта сайып кетмекке Ыкчамдыгын тездетти. Эки найза тең тийип, Экөөсү тең энтигип. Эңкейише түшкөндө, Найзанын сабы жер чийип. Намыс үчүн эки шер, Кайраттанып эс жыйып. Кайталап кайра сайышып, Кас тулпар бели майышып. Карс этип найза сынганда Кылычын сууруй калышып, Кырчылдаша чабышып. Кыргыз калмак көрө албай, Обого боппоз чаң учуп. Оролгон опсуз чаң жутуп. Шыңгырап кылыч түшкөндө, Ат үстүндө кармашып, Арыстандай арбашып. Кылайып ооп түшүшүп, Кыяктарын үзүшүп. Буудандан ооп түшүшүп, Букадай болуп сүзүшүп. Аяктан торой чалышып. Аябай шерлер алышып. Ыңгайына келгени, Ыргыта бирин калышып. Бир убакта Сейитбек, Белинен таптак көтөрүп. Төбөдөн жерге кадады. Кан Дөлөндүн турууга, Кайрат күчү калбады. Каңтарылып эки көз, Качты бойдон дарманы. Бала баатыр Сейитбек, Басып жакын барганы. Атамдын өчүн алдым деп, Алкымына Дөлөндүн, Акшамшар салып жайлады. Мына ошентип Кан Дөлөндү өлтүрүп, хандын сөөгүн кордобой, каадасы менен көмдүрүп, элине кайтты Сейитбек,калың калмак көп журтун каалоосуна көндүрүп. Сейитбек дастаны Улукбек Токтоболот уулунун варианты боюнча. 27,09,2023-жыл.