ЖЕМ БАШТЫКТУУ ЖЕГИЧТЕР

Эл билген акыйкатчыл жарчы болгон Элмирден элде калган тамчы болом Эл деген адамдарга жалчы болом Эл жеген жамандарга камчы болом Калкымда кайратмандар дагы да көп Каруусун казык, жанын азык кылган Калкымда жан бакмалар дагы да көп Өзү байып бирок эли азып турган Араң зорго ашырып квартплаттан Акча жетпей жүргөндө бөлкөбүзгө Көп жерди басып алган, тартып алган Көпкөн байлар көп экен өлкөбүздө Компаниялар балаңда кыздарыңда Калама жеп кайран эл кысталууда Күтүрөгөн күз келип турса дагы Кышка даярдыктары тыш калууда Каттатып тууганыңа жакыныңа Кызыңа балаңа да катыныңа Башка өлкөнүн банкында иштеп берет Бизде айланчу акчаңдын ашыгы да Мээнет кылып Табыкемдей жарма чалбай Мезгилдин канатына жармаша албай Мекенге пайда алып келе турчу Менчигиңе өткөздүң канча жайды Көп өлкө көрүп аң таң болсо керек Мынчалык жарды өлкөдөн мынча байды

Смотрите также