ЖАҢЫ ПОДКАСТ| Мугалимдин миссиясы!

🔹«Мугалимдин миссиясы – бул жөн гана билим берүү эмес. Ал лидерлик кылып, жаңы муунду шыктандырып, улуттук баалуулуктар менен заманбап инновацияны айкалыштырып, жаштардын келечегине жол ачуу». 🔹Бул ирет коногубуз — белгилүү педагог, Торонто университетинин PhD доктору, Н. Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов. 🔹Биз маекте мугалимдин жеке жолу жана миссиясы тууралуу ой бөлүшөбүз. Лидер-мугалимдин чыныгы сапаттары, мотивация жана таалим жолундагы чоң сабактар тууралуу сүйлөшөбүз. Сиздер үчүн заманбап билим берүүнүн жүрөгү болгон темалар козголот: 🔹Инновация жана жаны муундар менен иштөө ыкмалары 🔹Жаштардын келечеги жана кесип тандоонун мааниси 🔹Улуттук баалуулуктар менен билимдин айкалышы 🔹Мугалим жана руханий баалуулуктар 🔹Жеке тажрыйба жана мотивация 🔹Лидер Мугалимдин сапаттары 🔹Кесип тандоодо ата-эне менен мугалимдин ролу 🔹12 жылдык окутуу, улуттук баалуулуктар жана заманбап билим 🔹Z жана L мууну менен иштөөдө эффективдүү ыкмалар. 🔹Чет өлкөлөрдүн билим берүү тажрыйбасы жана Кыргызстандын өз жолу Бул маек ар бир мугалим үчүн шыктануунун булагы болуп, келечекке жаңы көз караш тартуулайт. «Калем подкаст» - агартуучулар аянтчасы. Биз дайыма билим, маданият, руханият тармактарын талкуулайбыз жана багыттайбыз.

Смотрите также