Түндүк—Түштүк жолунун тилкесинин жээги турак жай курууга берилип кеткен

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү Түндүк—Түштүк альтернативдик жолунун жээгиндеги жерлерди кайра кайтаруу аракетин жүргүзүп жатат. Сөз Кызыл-Жылдыз айылынын Күчүк конушунун аймагындагы 1,5 га жер жөнүндө болуп жатат. Ал Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жээгинде жайгашкан. Чаек айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жээги кызыл сызыкка киргендиктен, турак жайларды курууга болбойт. Мындан улам андагы курулуштар бузулууга тийиш. #кыргызстан #жанылыктар #жол #нарын

Смотрите также