Жанданган Миң-Куш

Күтүрөтүп мал кармап, эгин айдаганга жайыты чак келбеген Миң-Куш кезинде кенчилер менен өндүрүшчүлөргө ылайыктап салынган. Союз маалында уран казылып, заводдор күпүлдөп иштеп турган шаарча кийин турмуш өзгөргөнү бошой түшүп, эми кайра жандана баштаган. Аны айыл жаштарынын "Миң-Кушка бир калем сап алып келсем да салым болот" деген ураан менен жашаганынан байкаса болот. "Азаттык плюс" бул жолу Миң-Куш шаарчасына айылчылап келди.

Смотрите также