Болот Назаров - Түгөнбөгөн нак алтынды ураттыңар | Айт Айт Десе

Силер чындап кирип чыксаң ичиме Сиздер ойлоп аткандан да жаманмын Себеби не, сиздердей эле адаммын Жаздыгында жазып баатыр болгондор Жан жагыңды карап көрчү каралдым Желе тарткан фейктерге башкартты Жемкорлордун жеми болуп таландың Жарма кулдар жарга кептеп таштаган Жардамчысы болгум келет замандын Туз насибим бүтсө ыйык мекенден Тууну тиктеп жыгылуучу балаңмын. Эл байлыгын эңшерип алмак тургай Эркиндигимди дагы менчиктеди Коопсуз кызмат эмес кооптуу экен Коюндарды аңдышып көп иштеди Ээ мейличи мыскылдап кодулашсын Койчу муну ар кимдин өз иштери. Талоонуна учурап дөдөйлөрдүн Тарып бүтүп баратат мекенибиз Суулар соолуп баратат көрдү бекен Суудан өтүп алган соң эпенибиз. Суу демекчи баягы Нарын дайра Сугалактар айткылачы азыр кайда Тоо казганды токтот деп чыңырды элем Толмок беле ал дайра эми кайра. Сыйың көргөн Азия Сыр дарыя Сыр айакка бата алган ыр дарыя Сыйрып аппак мөңгүңдү сугалактар Цианидке чулганган чыр дарыя. Силкинтсек да мөңгүңдү муң дарыя Свет бердиң биздерге нур дарыя Нечен жылдык мөңгүсүн ураткыдай Не жамандык кылды эле бул дарыя? Чагылышып чокуларга чокулар Таасир берет бир бирине мөңгүлөр Талкаланды жалгыз Кумтөр дебегин Чүйдө дагы суу азайды көрдүңөр Көз алдыңда соолуп атса булактар Көрмөксөндөн каздырганга көндүңөр Керттирбегин тоолоруңду мөнгүңдү Келечекти келбесе эгер көмгүңөр. Жең ичинен соодалап далай жерди Жердин кутун качырып куураттыңар Түбүнөн аз алтынды алабыз деп Түгөнбөгөн нак алтынды ураттыңар. Тоо иштетпей тоголок башты иштетип Тоолор эмчек, мөңгү сүт, коргойлубу? Жегендерди токтотсок жеткен турат Жетим тоого тийбей эле койбойлубу. Болгон мүмкүнчүлүктү Болумдуу ишке арначы Болочок сага каранды Болчу эле ишти талдачы Башканын артын аңдыбай Баткендин алдын аңдачы. Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   Биздин тик-ток -   / aytaytdese   Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также