Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
#Калпак – кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими. #Мужской #национальный #головной #убор #кыргызов #истории #историянародов #историяжизни #народ #тарых #kiyizduino Этнографиялык изилдөөлөр боюнча, эркектердин жаш курагына жараша калпактын түзүлүшү, өңү-түсү айырмаланып, алар өз-өзүнчө аталыштарга ээ. Бирок, В. Верещагиндин эмгегинде тартылган калпак боюнча толук маалымат табылбагандыктан, долбоордун алкагында жасалган бул калпактын таасын аталышы белгисиз. Колдонулган аспаптар: ийне, кайчы, оймок, ийик. Жердиктер: жүн, түстүү жибек жиптер, адрас кездемеси, жибек кездемеси. Жасалышы: Калпакты жасоодо койдун жарым уяң жүнү колдонулду. Аны алдын ала тазалап, жууп, кургатып, анан тытып алган жүндөн атайын калпакка арнап кийиз жасадык. Кийиз басылып жатканда өң-бети сулуу түшүш үчүн утур-утуру ушалап, кылдап, тазалап алдык. Ал кийизди кургатып, кайра кайталап тазалап, ысык суу куюп бышырып бастык. Даяр болгон кийизге калпактын төрт талаасынын жана эки кайырмасынын бычымын чийип, аларды кесип алдык. Талааларын кызыл жана көк түстөгү бир кат жибек жип менен бириктирип чыраштадык. Эки кайырмасы бириктирилип тигилген жерине тилик калтырып, аны айланта адрас кездеме менен кыйууладык. Андан соң кыйуунун четин тегерете бекитип тиктик. Калпактын чырашталган үстүнкү бөлүгү менен кайырмасын жибек жип менен ичинен жана сыртынан майда тигиш кылып бекиттик. Калпактын үстүнкү бөлүгүнүн ичилик кездемесин төрт талаа кылып бычып, анын этегин астынкы кайырмасына бүгүп тиктик. Калпактын так төбөсүндөгү боосун жибек жиптен төрт кыр өрүм кылып өрүп, чачысын чыйратып жасадык. Даярдап жасоо убактысы 3 аптага созулду. Калпакты жасап чыккан чебер уз, сүрөтчү - Нуржамал Асангулова / nurjamal.asangulova ============================================================ Долбоор тууралуу Аталган долбоордун негизги максаты – тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу. Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты. KYR: Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы – Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт. RUS: Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии – международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО. Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза. ENG: The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia – International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO. Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union. ============================================================ Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду / kiyizduino Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова / aidaifeltworld Ассистент: А. Акматова / aiperiasylb Режиссер:Темирбек у Нурлан / nurlan.temirbek Фото: А. Адышова / profilecard Музыка: Н. Нышанов / nurlanbeknyshanov ============================================================ Долбоордун уз-уста консультанттары: Нурадин Абдыразаков Бакыт Байизов Дмитрий Бызов Идирис Исмайлов Чолпон Сулайманова Монус Топчубаева Кайырбек Токтосунов Дөөлөт Рысбаев Ыраазычылык билдиребиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи / historymuseum.kg Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи / aitievmuseum_ Сулайман – Тоо тарыхый музей комплекси / sulaimantoo_museum Супара интерактивдүү музейи / suparamuseum