Кыргыз элинин белгилүү комузчусу Руслан Жумабаев акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 12-сентябрда Нарын шаарында 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчунун башында туруп, «Маш ботой» күүсүн черткен белгилүү комузчу Руслан Жумабаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, маданият кызматкерлери, кесиптештери, дос-санаалаштары жана шакирттери келишти.

Смотрите также