Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Жапон кызы Мисудзу учурда кыргыз тилинде эркин сүйлөп, комузда бир нече күү да черте алат. Ал учурда жашап жаткан Бишкек шаарына биринчи ирет 6 жыл мурда келген. Мисудзу Огата алгачкы жылдары кыргыз тилин үйрөнүү үчүн күнүнө 10-12 саат бою сабак окуп отурчу. Ал учурда 29 жашта. Кыргыз көйнөгүн кийип, колуна өрүк комузун көтөрүп алып кирип келген мейманыбыз менен маектешип, кызыктуу жоопторду уктук. Уландысы: