✅ Агрардык чарба ишканасына портер унаалары тапшырылды

🔹 Бүгүн, 3-ноябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаарынын мэриясынын Агрардык чарба” муниципалдык мекемесине эки даана портер үлгүсүндөгү унааны тапшырды. 🔹Аталган ишкана Ош шаарынын аймагындагы дыйкандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барат. Мэрдин тапшырмасы менен бул мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана муктаждыктарын чечүү иштери колго алынды. _____________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Смотрите также