Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Боз-Адыр Баткен облусунун четиндеги чакан айылдардын бири. Үч миңден ашык калкы бар кыштакта жумушсуздук көйгөйү курч. Ошондон улам бозадырлыктар Баткенде биринчилерден болуп миграцияга кете баштаган. Бул айылда жүздөгөн бала чет жерде иштеген ата-энесин күтүп отурат.