Боз-Адыр: миграция баккан айыл

Боз-Адыр Баткен облусунун четиндеги чакан айылдардын бири. Бул жерде күнүнө бир саат гана суу чыгат. Айыл эли буга да каниет кылат. Бир учурда бул жерде тамчы сууну табуу кыйын эле. Үч миңден ашык калкы бар кыштактын жашоо-шарты азыр деле жеңил эмес. Жумушсуздук көйгөйү курч. Ошондон улам Боз Адырлыктар Баткенде биринчилерден болуп миграцияга кете баштаган.

Смотрите также