Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Тажикстандан чыгарылган кыргыз жарандары Бишкекке келдиби?
"Социалдык тармактарда 15 киши кыргыз жарандыгы болгон үчүн Тажикстандан чыгарылды" деген кызуу талкуу жүрүп жатат. Алар Чүй облусунун Васильевка айылына келип, бир нече жыл мурда бул айылга көчүп келген туугандарынын уйүнө баш калкалап жатышканы тууралуу маалымат алдык. Биздин чыгармачыл топ аталган айылга барганда тургундар "Тажикстандан туугандарыбыз келген жок" деп, бул маалыматты четке кагышты. Бирок айылдын активист тургундарынын бири аларды жолуктурганын айтып берди.