Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
«Балдарымды өзүм жерге берем»: Ошто өрттөн каза болгон беш баланын атасы Кореядан жолго чыкты
Өрт 22-октябрь күнү таңга жуук, болжол менен саат 05:52 чамасында, Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан турак үйдө чыккан. Таң эртең менен чыккан өрт бир үй-бүлөнүн өмүрүн алды. Каза болгондордун арасында беш бала жана алардын 34 жаштагы апасы болгон. Окуя болгон жерге биздин кабарчылар барып, кырсыктын кесепеттерин көрүштү. Үйдүн чатыры толугу менен күйүп, дубалдары гана калган. Коңшулардын айтымында, үй-бүлө түн ичинде уктап жаткан учурда өрт чыккан. “Мен багымда намазга туруп, терезеге карасам коңушумдун үйү кызарып көрүндү. Шашып эшикке чыксам, дарбазасы ачык турат, 5-6 коңушубуз топтолуп калыптыр. Тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөрдү чакырдык. Бирок өрт өтө бат жайылып кетти. Балдар менен апасы үйдүн ичинде калган экен”, - деди окуя болгон көчөнүн тургуну.