Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Ак Шоола" балдар хору - Мен кыргыздын уулумун (+ текст)
Сөзү, обону Шакин Эсенгуловдуку Текст: Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын, Көрк ажайып көз талдырган ээси чындыктын. Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган, Мен уулумун – шамал жиреп өскөн кыргыздын. Сыймыктанам, мактанам, Жер жүзүнө жар салам: Мен кыргыздын, мен кыргыздын, Мен кыргыздын уулумун! Уламалуу уясындай ыйык Нур-Куттун, Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң. Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген, Мен уулумун – көз ирмебес баатыр кыргыздын. Түпкүлүгүн түптөп бекем жашоо-турмуштун, Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын. Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган, Мен уулумун – кут ширеткен чебер кыргыздын. #АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола