"Ак Шоола" балдар хору - Кыргызстан

Песня Гульмиры Эсенгуловой Слова Шайлообека Дуйшеева Текст: Ала-Тоом кымбат атамдай, Адыр, төр – кутман апамдай. Агын сууң, дайраң – балдарың, Ай-күнүң турсун азайбай. Көк асман, көлүң – берметиң, Көк жашыл көркөм келбетиң. Көзүмдөй болгон кыргыз жер, Көралбас жандар келбесин. Кайырма: Алтыным, кутманым Кыргызстаным, Кымбатым, Кызыл туум – Кыргызстаным! Эми биз кичик балабыз, Эң жакшы билим алабыз. Энемдей ыйык Мекеним, Эр жетсек сени багабыз. Баарысы эңсеп карашкан, Бактылуу сүйкүм таң аткан. Мекеним менин Кыргызстаным, Мээримиң бизге жарашкан. Кайырма: Алтыным, кутманым Кыргызстаным, Кымбатым, Кызыл туум – Кыргызстаным! #АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола

Смотрите также