18.11.2025 Күндеми | Кечки чыгарылыш || Регион ТВ

Чет элдиктерди көзөмөлдөөгө мамлекеттин толук күчү жетет. Садыр Жапаров Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга, айрыкча кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар шайлоо алдындагы атайын уюштурулган чагымчылдык экенин билдирди; 10-НОЯБРДАН БЕРИ БШК 4 ТАЛАПКЕРДИН КАТТООСУН ЖОККО ЧЫГАРСА, ЭКС БАШКЫ ПРОКУРОР БАШТАГАН БИР КАТАРЫНА АЙЫП ПУЛ САЛЫП, ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ; ТИГҮҮ ТАРМАГЫ КРИЗИСКЕ КЕПТЕЛДИБИ? Ишкерлер тигүү фабрикалары кооптуу абалга кептелип, эки айдан бери Экономика министрлигинин эшигин каккылап, жыйынтык таппай жатканына нааразы. Алар аргасыздан президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууда; Оштун Абакир уулу Төрөбек 31 дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн жашоочулары эмнеге нараазы? Айласы кеткен тургундар өлкө жетекчилеринен жардам сурашты; Кыргызстанда бир жуманын ичинде 8 миңге жакын киши сасык тумоого чалдыгып, дарыгерлерге кайрылгандар 17,3%га көбөйдү. Ооругандардын басымдуу бөлүгүн жаш балдар түзүүдө. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт:
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм

Смотрите также