Жапаров-Атамбаев чырына экс-премьерлер аралашты | Жаңылыктар | 18.11.2025

Президент Садыр Жапаров менен мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кайым айтышуусуна экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаков аралашты. Бири бийликти жактаса, экинчиси сындап чыкты. Ысык-Көлдө эс алуу жайларынын биринде 45 жаштагы Эрлан Батыралиев ур-токмоктон каза болду. Кылмышка шек саналып төрт жаран кармалды. Алардын экөө милиция кызматкери. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Газа боюнча Дональд Трамптын сунушунун негизинде иштелип чыккан тынчтык планына байланыштуу резолюцияны жактырды. Эми анклавды убактылуу “Тынчтык кеңеши” башкарып, эл аралык күчтөр киргизилет. #бүгүназаттыкта #азаттык #атамбаев #жапаров _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram -   / azattyk.kg     / azattykmedia   Фейсбук -   / azattyk.org     / azattyk   Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм -

Смотрите также