Дубль 2 Караколдун ашляфусу. Ашлям-фу

#ашлянфу #караколскоеашлянфу Дубль 2 Караколдун ашляфусу. Ашлям-фу Салам достор! 💗💗💗 Даамдуу тамактар каналына кош келиңиздер! Бүгүнкү тамактын атын "чуулгандуу ашлямфу" деп койсомбу🤔😀 Баарыбызга белгилүү ашлямфунун мекени Каракол шаары экенин, бирок эмнегедир эч ким биз менен рецеби менен бөлүшкүсү келбейт, ошондуктан өзүбүз изденип, окшоштуруп жасап келебиз 😉👍👍👍 Керектүү азыктар: 🌸 Акчык суусу: Өсүмдүк майы 3 аш кашык Кумшекер 1.5 аш кашык Муздак суу 2 литр Туз 0.5 аш кашык Буудай кычкылы (китай уксусу) 3 аш кашык Уксус 70% 1.5 аш кашык Соя соусу 1 аш кашык 🌸 Подлив: Өсүмдүк майы 50 мл. Пияз 2 даана (орточо) Таттуу кызыл калемпир 1 чоң даана Лазы 1 чай кашык Туз 1/3 аш кашык Сарымсак 2-3 тишче Томат пастасы 1 аш кашык Ачык суу 500-600 мл. Жумуртка 2-3 даана Жүсай 1 байлам 🌸Лазы: Кургак ачуу калемпир 3-4 аш кашык Сарымсак 2-3 тишче Өсүмдүк майы (ыссык) 50 мл. 🌸Крахмал: Крахмал (бобовый) 280 гр. Суу 2.5 - 3 литр Туз 1 аш кашык Өсүмдүк майы 3 аш кашык (бул өлчөмдөгү кайнатылган крахмал көп болот, эгер үйгө чакан үй бүлөгө жасап жатсаңыз, ушул өлчөмдүн жарымын гана алсаңыз жетиштүү болот) 🌸Чоюлган камыр, лагмандын камырынан бир аз ичкерек кылып чоюп аласыз. Ашлянфунун кыргызча рецеби 😋👍👍👍 Рецепт аш-лямфу.    • Ашлянфунун кыргызча рецеби  😋👍👍👍 Реце...   Мой инстаграм:   / daamduu.tamaktar  

Смотрите также