Монолог / Азамат Жумахмет / Николай Васильевич Гоголь "Жиндинин жазгандары" (повесть)

Николай Васильевич Гоголь “Жиндинин жазгандары” («Записки сумасшедшего») (повесть)   Поприщин Аксентий Иванович   Бүгүн шаршемби, ошондуктан начальнигибиздин кабинетинде болдум. Атайы эртерээк келдим да, отуруп алып, калемдерин бүт учтап чыктым. Биздин директор абдан акылдуу киши болуу керек. Кабинети бүт эле китеп толгон шкафтар экен. Кээ бир китептердин атын окудум: баары эле илим жөнүндө экен, андай илимдерге биздей кишилердин тиши кайдан өтсүн. А өзүнүн өӊүнө карасаӊ: фу, бой көтөргөнү көзүнөн көрүнүп турат! Ырас, биздей кишилер ага кайдан теӊ келсин! Мамлекеттик ишке мыкты. Ошондой болсо да, ал мени бөтөнчө жакшы көрөт. Кызы да ошентсе го... эх, чиркиндики!.. Саат он эки жарым болуптур, а биздин директор уктоочу бөлмөсүнөн али чыга элек. Бирок саат бир жарым ченде тири укмуштуу окуя болду, аны эч ким сүрөттөп бере албайт. Эшик ачылганда, мен директор экен деп ойлодум да, кагаздарымды кучактап, орундуктан ыргып турдум; бирок кызы, кызы экен! Кудайым-ий, кийингеничи! Көйнөгү апапак, ак куудай, айчүрөк кудай урсун, айчүрөк! Ал мага башын ийип: “Атам биерде болгон жокпу?” ‒ деди. Ай, ай, ай! Үнү кандай сонун! Булбул, ырас айтам, булбул! Бирок, шайтан алгырдыкы, тилим күрмөөгө келбей калса болобу. Ал мага, китептерге карады да, кол жоолугун түшүрүп жиберди. Шыйрагым үзүлгөнчө жүгүрөм деп, ант урган паркеттен тайгаланып кетип, мурдуман ажырап кала жаздадым, бирок жыгылбай калып, кол жоолугун алып бердим. Кудайым-ий, жоолук деп мына ошону айт! Жупжука, жөн эле атыр жыттанат. Бөлүмдүн начальнигинин жини кармап калыптыр. Ал, мага: “Кана, сүйлөчү, эмне кылып жүрөсүӊ?” ‒ дей баштады. “Кандайча? Эчтеке кылган жерим жок”, ‒ деп жооп кайтардым. ‒ “Кана, жакшылап ойлоп көрчү! Жашыӊ кырктан ашып калды ‒ эсиӊе кирер убактыӊ болду. Эмнеӊе дердеесиӊ? Директордун кызынын артынан сандалып жүрөсүӊ го! Сен эптеп бир жансыӊ, андан артык эчтекеӊ жок. Колуӊда сокур тыйыныӊ жок. Деги күзгүдөн өӊүӊдү бир карап көрчү”. Тобо кылдым, төбөсүндө төрт чачы бар, анан дагы мага сын айтат. Түшүнөм, эмне үчүн мага ызырынып жүргөнүн билем. Ичи күйөт. Кырк экиге жаӊы чыктым ‒ чыныгы кызмат башталар маал эми келди. Шашпа, досум! Биз да полковник болорбуз, балким, кудай жалгап, андан да чоӊ болуп калгыбыз бардыр. Биз да сеникинен чоӊураак мансапка жетебиз. Бүгүн директорубуздун кабинетинде отуруп, ал үчүн 23 калем учтадым, кызы үчүн да, ай! Ай!..урматтуу бийкеч үчүн төрт калем учтадым. Директорубуз калемдин көбүрөөк турганын абдан жакшы көрөт. О! Мээси мээ болуш керек! Деги унчукпайт, баары мээсинде, менимче, баарын талкуулап жүрөт. Урматтуу директор менен бир нече ирет сүйлөшөйүн деп ойлодум, бирок, шайтан алгырдыкы, тилим күрмөөгө келбей калат: эшикте жылуу же суук дегенден башка, такыр эле сөз табалбай калам. Эртеӊ менен газета окудум. Испанияда шумдук иштер  болуп жатыптыр. Эмне болуп жатканын жакшы түшүнө алганым жок. Падышанын тактысы жоюлду деп нааразычылыктар башталыптыр. Менимче, бул өтө таӊ каларлык иш го. Такты кантип жоюлушу мүмкүн? Тактыга бир аял отурат экен дешет. Аялдын тактыга отурушу мүмкүн эмес. Такыр мүмкүн эмес. Тактыга король отурууга тийиш. Баса, король жок экен. Кантип эле король болбой калсын. Королсуз мамлекет болбойт. Король бар дечи, бирок бир жерде дарексиз жүргөн го. Бүгүн ‒ эӊ чоӊ салтанат күнү! Испанияда король бар. Ал табылды. Ал король менмин. Ал жөнүндө бүгүн гана билдим. Чынымды айтайын, чагылган жарк эткендей, жарк эте түштүм. Эми алды жагым бүт ачык. Эми баарын дал алаканымдагыдай көрүп турам... Кылык көрсөтүү үчүн департаментке бардым. Бөлүмдүн начальниги мени үч жумадан бери кызматка барбаганым үчүн кулдук уруп, кечирим сурайт деп ойлоптур. Бирок, мен көп деле каарданбай, көп деле мээримди төкпөй, ага көӊүл кош карадым да, эч кимди байкабагансып, ордума барып отурдум. Ал жердеги митаамдардын баарына көз чаптырып коюп: араӊарда ким отурганын билсеӊер, эмне кылаар элеӊер деп ойлодум... Атаганат! Баарыӊар кымгуут болуп, бөлүмдүн начальниги азыр директорго кандай кулдук уруп жүгүнсө, мага да так ошондой кулдук уруп жүгүнөр эле. Директор келатат дешти. Директорго көрүнүү үчүн бир топ чиновниктер биринен бири оозуна жүгүрдү. Бирок мен ордуман козголгонум жок. Мен такыр эчтеке кылганым жок! Мен алдынан тура калгандай, ал кандай директор эле? Ал директор эмес эле, пробка. Кадимки эле, жанагы бөтөлкөгө тыгын болчу пробка, андан артык жери жок. Кол койгун деп, мага кагаз бере коюшканы баарынан кызык болду. Алар мени кагаздын четине: стол башчысы палан киши деп, жазат дешсе керек, антпегендечи? А мен директор кол коюучу эӊ негизги жерине: Фердинанд VIII деп жазып койдум.Кадырлашканынан жымжырт болуп калгандарынкөрсөӊөр болор эле; бирок мен колумду шилтедимда: “букарачылыктын эч кандай белгилериболбосун!” ‒ деп, чыгып кеттим.   #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также