Төө-Ашуу ашууда туман болуп, кар жаап жатат

Бишкек—Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда туман болуп, кар жаап жатат. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, учурда «Сосновка» көзөмөл өткөрмө жайында оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Ошол себептен Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга Бишкек—Ош унаа жолунда жүрүүдө бардык коопсуздукту, жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Смотрите также