Каракол шаарында жааган кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти

Каракол шаарында кечээ кечинде жаай баштаган кар бүгүн, 5-ноябрда да уланууда, деп билдирет аймактык кабарчы. Кардын калыңдыгы айрым жерлерде 40 сантиметрден ашты. Учурда муниципалдык кызматтар карды тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. «Кар кечээ кечинде жаай баштагандыктан, саат 17:00дөн тарта биздин техникалар тазалоо иштерин башташты. Алгач 6 техника ишке тартылган. Азыр болсо жеке менчик уюмдардан кошумча 3 техника тартылып, жалпы 9 техника шаарды тазалоого киришти. Алар негизинен каттам көп болгон башкы жолдорду жана борбордук бөлүктөгү тротуарларды тазалап жатышат. Кечээ башкы көчөлөр тазаланган, бирок кар токтобогондуктан кайрадан топтолууда», — деди Жол чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бакыт Барктабасов. Анын айтымында, быйылкы кышка карата шаарда кум менен туздун аралашмасынан 1000 тонна даярдалган. Бул көлөм кышкы сезонго жетет. Ал эми «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Бердибек Мамбеталиев билдиргендей, бүгүн таңкы саат 6:00дөн тарта шаар ичиндеги аялдамаларды жана тротуарларды 40 кызматкер тазалоодо.

Смотрите также