Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
3 жылдан бери бүтпөй келген Нарын—Баетов унаа жолуна качан асфальт төшөлөт
Нарын облусунун Ак-Талаа жана Нарын районун басып өткөн Нарын—Баетов унаа жолундагы 3 жылдан бери асфальт басуу иштери бүтпөй жаткан жол тууралуу аймактык кабарчы тиешелүү жетекчилик менен маектешти. Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 115-120 чакырым аралыгы же тактап айтканда Баетов айылынан тарта Ичке-Суунун көпүрөсүнө чейинки аралыгы жана ошондой эле 8-13 чакырым аралыгы же тактап айтканда Нарын районунун Ак-Кыя кыясынан тарта Нарын шаарына чейинки 5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталганына 3 жылдын жүзү болгону менен асфальт төшөө иштери бүтпөй, эски асфальттары сыйрылып, жолдон чаң чыгып, жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыгын жаратып келет. Өткөн жылы Баетов айылынан тарта Ичке-Суунун көпүрөсүнө чейинки 2,5 чакырым узундуктагы жолдун 1 тилкесине асфальт басылган. Учурда, асфальт басууга даярдалып жатса, ал эми Ак-Кыя кыясынан тарта Нарын шаарына чейинки 5 чакырым узундуктагы жолдо иш токтоп тургандыгы маалым.