Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
КАНДАЙ СЫР Асманда шуулдаган канаттар көп, Караандар андан да көп Кай жаккадыр Шашылып жөнөлүшкөн жанын үрөп. Кокустан күн жарк этип Көз уялтып, алдыда жайнады кооз жазгы талаа, куштардын үнү гана дүйнө бийлеп бу жарык чыга түштү ажарына. Мен анын бир четинде турганмынбы, байкоостон бирөө түтөт дүп эттирип, кайдадыр кулап кетем көз жумулуп аттин, ай, кылгам го деп бир чекилик. Бир кезде материя деми келет – ырдаган эрме чөлдөй эски дүйнө, куюндар алды-артымда бий бийлешет шуулдап бир ыргакта, бирдей үндө. Жеткендей жердин жети жеберине табалбай өз дайнымды тереңимде тунжурап турганымда, кокусунан илинди бир куу кумпай карегиме. Ал көзгө сайылчудай келип түптүз зып этип кайып кетти так алдыман, соңунан мезгил өзү куугун болуп секирип андан-мындан калдаң-кулдаң сая кууп бара жатып, тиги боордо бозоруп, жетпей карап туруп калган. Бул өзү не деген куш, не деген жан? Кай жактан, кай замандан качып чыккан? Зып этип түндү тилип өткөнсүдү, басылды бороон-чапкын ызылдаган, ачылды күн ырайы, жер ырайы - кандай сыр, кереметтуу кандай аян? Баш баккан океандан кораблдей эпсиз зор бир чон калаа көрүндү алыс жактан – дүпүйүп бир кылымдык жолго чыккан зор турмуштун эпкини тарам-тарам тарамдалган миң бир ирет чатышкан өрдөп кетти сезимди. Коштоп ушул көрүнүштү көтөрүлүп акырындан бүткүл бойду арбаган бир музыка келатты жер жайпаган... Сүйөркул Тургунбаев #поэзия #сүйөркултургунбаев