Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Сымбат Максүтованын бул чакан аңгемесинен кыргыз кызынын эркиндигин көрдүм. Арап жигити ашык болуп калган кыска көйнөктүү, шайыр кыргыз кызы эч тайманбаганын, бети-башын чүмкөнбөй, башын жерге салбай, аны менен эркин сүйлөшүп, керек болсо үйүнө чейин кирип, чайын ичип, жакында эрге тийерине чейин кабарлап кетип калат экен. Аны бир көрүп сүйгөн арап жигит күйүтүнө чыдабай, ишин да таштады, кетип да калды мекенине. Бүт чындыкты шак-шак эле айта салган аңгеме экен, ошол эле кыздын мүнөзүндөй. Бирок бүгүн андай болбой калды го дейм, ээ?