КЫРГЫЗДЫН УЛУУ ОЛУЯСЫ - МОЙТ АКЕ!

Тасма Орто-Өрүктү айылынын айыл башчысы, “Жапар Шабиров” мектебинин тарых мугалими, Орто-Өрүктү Тарыхый Аймак Таануу Музейинин негиздөөчүсү Боронбай уулу Максаттын макаласынын негизинде даярдалды. Азыркы күндө сырттан каржыланган, кыргызга күйүмүш көрүнгөн атайын топ, элибиздин Ислам менен эч кандай байланышы болбогонун далилдегенге аябагандай аракеттенип келишүүдө. Кудум эле Ислам дини кыргызга кечээ 90-жылдардан кийин эле келгендей түр көрсөтүшөт бул “комунисттер”! Ошол эле кезде ата-бабаларыбыз шаман болуп жашаган деген жалган маалыматты элге таңуулап жатышат! Алардын аталары шаман болсо болгондур, бирок менин, биздин бабаларыбыз мусулман болгон! Ислам дини элибиздин жашоосунда тээ кылымдар бою эриш аркак болуп келген. Мунун миллиондогон далилдери бар. Алардын бирөөсү көлдөн чыккан “Көлдүн акелери”!

Смотрите также