Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Шароле, ИФАД. Асыл тукум чарбасы. Рынокторго чыгууну камсыздоо.Кашкелек Келте айылы
Ала-Бука районунун Кашкелек-Келте айылындагы фермерлер асыл тукум породадагы малдын этин жана сүтүн сатуу менен киреше табышат. Ал үчүн көбүнчө ири мүйүздүү малдарды багышат.Кооператив азыркы учурда ийгиликтүү иш алып барууда. Өздөрүнө керектүү тоютту камсыздап алууга жери, техникасы жана этти пайдалуу баада тапшырууга даяр өнөктөштөрү бар. Фермердик топтун мүчөлөрү "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында малды талаптагыдай күтүү жана тоюттандыруу, тоют өндүрүү жаатындагы билимдерин жогорулатышты. Ошондой эле кооперативдерди жана бизнести башкаруу жаатында билим алышты. Муну менен катар Кошумча нарк чынжырчасынын негизинде түзүлгөн келишими бар. "Шароленин" иши менен бул блогдон таанышыңыз.