Журттун наркын сактайлы | Айт Айт Десе || Аза Ишенбеков

Керек эмес, кээде жашоо эптеген, Күчтүү нерсе, болот экен эрк деген. Канча аракет, кылсаң дагы айтууга, Калкта үн бар, кыйкырса да жетпеген. Максатыбыз, кенен болсо оюбузда, Магдырап, жашылданат коомубузда. Марага бараткандай жүгүрөлү. Мекенди оңдоо, өзүбүздүн колубузда. Өчүрбөгүн келечеке үмүтүңдү, Өкүнбөгүн изилденгин күнбү-түнбү. Өксүүнүн кучагына оролбостон, Өркүндөгүн көргөзбөгүн күйүтүңдү. Максатсыз кете берсе кадамың, Магдыратпайт, эркелетпейт, заманың. Кадамды, ыраагырак салбасак, Көргөзөт бизге жашоо сараңын. Эл багытын оңдойлу, Эч кайдыгер болбойлу. Экиленип мен дебей, Элди жерди ойлойлу. Жашоону сүйүп барктайлы, Журттун наркын сактайлы. Жаштардын ойлоп тагдырын, Жерлерди бөлүп сатпайлы. Жалпыны оңго үндөйлү, Жашылданып гүлдөйлү. Жашоого ийиз калтырып, Жаштарды алга сүйрөйлү. Ыйыгын айтып мекендин, Ыр салсак комуз күүсүнө. Кошолу жаштар салымды, Кыргыздын өнүгүүсүнө. Ээң жаман, кайрыгерлик илдетибиз, Элди ойлоо, жалпыбыздын милдетибиз. Эбегейсиз жаркын жашоо көрүнүүдө, Элим ишен, ийгилике бир жетебиз. ____________________________________ Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат   / temirovlive   Биздин тик-ток -
Инстаграмыбыз -   / aytaytdese  

Смотрите также