Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"30 млн долларлык квартира сатылган, бирок иш начар": Оштун мэри "Ош сити" долбоору боюнча
Бүгүн, 13-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде Осмонов көчөсүндө курулуп жаткан “Ош-Сити” турак жай комплексинин курулуш иштери менен таанышты. Токторбаев курулуш объектерине барган учурда «Бизнес Хаус КГ-Ош сити» ЖЧКсынын директору Улугбек Абдулазимов жок болуп, бакша кызматкерлери объекттер боюнча маалымат беришкен. Бир аз убакыттан кийин Улугбек Абдулазимов келип, намаз окуп, кечирээк түшүп калганын айткан.