Айылдын жолун менчигине айландырган "жол тоскуч". 20 жыл жолдон эч кимди өткөргөн эмес

Жалал-Абад шаарынын Дөмөр айылынын бир көчөсүн бир тургун тээ 1996-жылы ээлеп алып, эки жагын жаптырып алган. Ага макул болбогон коңшулары 2005-жылы жолду ачтыруу максатында Сузак райондук сотуна кайрылгып, райондук сот жол бар экендигин тастыктап, чечим чыгарып берген. Андан соң сот аткаруучулар жолду ачып да беришкен. Бирок көп өтпөй аталган жаран кайрадан тосуп алып, азыркы күнгө чейин жабылып турган. Айылдын жашоочулары мыйзамды көзөмөлдөөчү органдарга кайрыла берип, майнап чыкпагандан кийин, нааразы болгон жергиликтүүлөр биздин телеканалга арыз менен кайрылышты. Аталган материал эфирге чыккандан 1 күн өтпөй Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы бул ишти колго алып, дароо тургундардын маселесин чечип, жолду ачып беришти. Бир күндө чечиле турган бул маселени мыйзамды көзөмөлдөөчү органдар эмне үчүн 20 жылдан бери карабай, сүйрөп келген. Мүмкүн жолду тороп алган жаран алардын оозун майлап келгенби? Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇    / @azamatlivekg   #кыргызстан​ #бишкек​ #бишкеккабар​ #акыркыкабарлар​ #новости​ #камчыбекташиев​ #садыржапаров​ #жогоркукенеш​ #жогоркукеңеш​ #azamatabdiev​ #azamatlive​ #азаматабдиев​ #тезкөр​ #тезкор​ #чүй​ #чуй​ #баткен​ #ош​ #жалалабад​ #талас​ #нарын​ #ысыккол​ #ысыккөл​ #ысыккуль​ #жаңылыктар​ #кабарлар​

Смотрите также