Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Кышында свет өчпөйбү?" Кыргызстандыктар эң көп берген суроо ушул, жообу барбы?
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу өлкөдөгү энергетикалык абалды түп-тамырынан өзгөртөтбү? Кыргызстан эки жарым жылдын ичинде электр энергиясын сатып албаган, тескерисинче четке саткан мамлекетке айланабы? “Кышында свет өчпөйбү?” Суук мезгил жакындаган сайын кыргызстандыктар дал ушул суроону көп узатып, тынчсыздана башташады. Бул тынчсыздануунун да жөнү бар, Кыргызстан жыл сайын 18 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясын керектейт. Бирок өлкөдө өндүрүлгөн энергия бул көлөмдү толук жаппай, төрт жарым миллиард киловатт сааттын чет өлкөдөн сатылып алабыз. Демек, суроо туулат: бул маселе качан жана кантип чечилет? Эгер Президент Садыр Жапаровдун сөзүнө ишенсек, алдыдагы эки жарым жыл ичинде өлкөнүн энергетикалык абалы түп-тамырынан өзгөрүп, Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттогон эмес, тескерисинче экспорттогон мамлекетке айланат. Ал үчүн кыргыз өкмөтү 40 чакан ГЭСти жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун бүткөрүүгө тийиш. Бул ири долбоорлор өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка алып чыгат. Мамлекет башчынын бул сөзүн Энергетика министри да ырастап, Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча масштабуу иштер алып барылып жатканынын дайыма айтып келет. Бирок коомчулукта президент мындан беш жыл мурун да ушул сыяктуу убада берген деген пикирлер айтылууда. Өлкө башчысы буга чейин берген убадасы боюнча айтылып жаткан сындарды да жоопсуз калтырган жок. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 / @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар