Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Президент Садыр Жапаров 6-ноябрда Вашингтон шаарында "Борбордук Азия - АКШ" (С5+1) саммитинин башталышынын алдында басма сөз үчүн билдирүү жасады. Садыр Жапаров өз сөзүндө президент Дональд Трампка жылуу кабыл алганы жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз-америка мамилелерине карата, төрт багытты белгилей кетти: экономика жана инвестициялар, туризм; гидроэнергетика; санарип экономика, жасалма интеллект, IT-чөйрөсү; коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо. Бул өңүттө Садыр Жапаров кыргыз тарабы президент Дональд Трамптын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору бааларын баса белгиледи. “Өз кезегимде, мен дагы Мамлекет башчысынын кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом – бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу”, - деди Садыр Жапаров. Ал кесиптештери менен бирге бул милдетти, эң негизгиси тынчтык жолу аркылуу, ишке ашыра алганын канааттануу менен белгиледи.