Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
"Манас атанын ак кар, көк музу" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча
"Манас атанын ак кар, көк музу" КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР КАНАЛГА КАТТАЛЫНЫЗДАР, каналыбыздын ссылкасы менен бөлүшүп коюнуздар. Аалымдардан асыл кеп ⠀ Жашоо сага тоскоолдуктар, сыноолор жиберсе, анда аларды тикендер деп бил. Бирок, кайгыра бербе! Жакын күндөрдө бул тикендер гүлүн да көрсөтөт. ⠀ * Жакшылык изде, тууралык изде, сулуулук изде, болгону ката издебе. ⠀ * Тоодой бийик болсоң да, кепинге бата тургандай кичүүсүн. ⠀ * ⠀ Үмүтсүздүккө түшпө. Үмүтсүздүк шайтандан. Үмүт кылуу Аллахтан. ⠀ * Кудайга жетүү жолу өтө көп. Силер болсо, Аны сүйүү жолун тандагыла. ⠀ * Рухтун сулуулугу дененин сулуулугу сыяктуу бат көрүнбөйт. ⠀ * Инсандарды жакшылап тааны. Ар инсанды жаман деп билип, кутулууга шашылба. Ар бир инсанды жакшы деп билип да, өзүңдү алаксытпа. ⠀ * Шайтандын кылмышкери — адеп. ⠀ * Өзүмчүлдүк — көзгө тагылган күзгү. Кайсыл жерге караса да өзүнөн башкысын көрө албайт. ⠀ * Кимдин сүйүүгө көңүлү жок болсо, ал канатсыз куш сыяктуу. ⠀ * ⠀ Тилди тарбия кылуудан алдын жүрөктү тарбияла. Себеби сөз жүрөктөн келип, тилден чыгат. ⠀ * Сени сүйгөндөрдү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут. ⠀ * Таарынуу жолдорун издегенден көрө, сүйүү, сүйүлүү жолдорун изде. ⠀ * Баары башкалардын айыбын издеп жатканда, сен өзүңдүн айыбыңды издөө менен алек бол. ⠀ * Эй көңүл! Жанды ачыштырган дарт, бул — айрылуу. Бирок, анын ичинде сүйүү деген шыпаа бар. ⠀ * Убактылуу сүйүү жок. Сүйүүнүн баары түбөлүктүү. Айырмасы кимдир санатчынын санатын көрөт, кимдир санатчынын өзүн. ⠀ * Бизди билгендер билет, билбегендер өзү билет. ⠀ * Адамзат дүйнөнү басат, бирок оозун баса албайт. ⠀ * Инсанды таануу деңиздин үстүнө Лаура коюп, деңиздин түбүн кароого аракет кылгандай кыйын иш. ⠀ * Же тутула турган даражада жакын бол, же унутула тургандай алыс бол. ГЕНИЙЛЕР Генийлер өмүрү жутунбайт, Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт. Жалганга жармашпайт, бир гана, Жан дүйнө байлыгын утурлайт. Генийлер жөнөкөй кийинет, Кыйналат, миң өлөт, тирилет. Жалтырак жамынып жашабай, Жарык нур көргөнгө сүйүнөт. Жашабайт чөгөлөп, актанып, Өз ишин унчукпай аткарып. Өмүрдү башкача сүрүшөт, Артында акмалап ак жарык. Ачылып турмуштун арааны, Ансайын күчөтөт санааны. Саясат гүлдөгөн өлкөдө, Көрүнбөйт генийдин карааны. Табышмак өмүрдү сүрүшөт, Жалындап от болуп күйүшөт. Биз менен бир жашап жатса да, Генийлер байкалбай жүрүшөт. Генийдин нурунан Күн жаркыйт, Генийдин мээринен түн балкыйт. Биз көрбөс бакыттын чоңдору, Генийдин жолунда тургансыйт. Кепинге чындыкты жашырып, Келебиз жалганга баш уруп. Генийлер баркталбас өлкөдө, Баркталат кемчонтой, макулук. Курсактын ичинде күрөшүп, Келечек бир күйүп, бир өчүп. Жар бойлоп бараткан өлкөбүз, Генийин четинен түгөтүп.. КЫРГЫЗЧА окуяларды сайтка кирип окусаныздар да болот! #2022 #турциядагыкыргыздар #стамбул #анталья #анталия #жердеш #жардам #кыргызча #кыргызстан #окуялар #аудиокитеп #баткен #СУУСАМЫР