"Асма көпүрө" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар! #кыргызча

"Асма көпүрө" Кыргызча окуяларды сайтка кирип окусаныздар болот.
КЫРГЫЗЧА АУДИО КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ! КЫРГЫЗЧА АУДИО ОКУЯЛАР ДҮЙНӨСҮ! Жаман балдар койнуңа кирүү үчүн жалган сүйлөйт. Жакшы балдар жүрөгүңө кирүү үчүн кооздоп сүйлөйт. Мыкты балдар жалган, кооздоп сүйлөбөйт. Бирок сен аларга ишенбейсиң. Себеби ага чейинкилердин баары алдап келген. Менде да ката көп. Катам болсо айтып түз жолго салгыла. Туура болсом, колдогула. Багытыбызда көп оорчулук жана бут тосуулар болот. Жеңил эч нерсе жок. Аллах коомубуздун жана биздин ортобузду акыйкат менен ачсын. Сүйлөсөк жакшы сөз сүйлөйлү, болбосо унчукпайлы. 💛 Сен кинолордон көрүп же китептерден окуп, же жашоодон көрүп жүргөн идеалдуу ( кызга жетүү үчүн романтика жасаган) эркекти жашоодон издеп жүргөндө, сага чыныгы эркектердин келип кеткенин байкабай каласың. Байкабай калганың жакшы бир чети… Аябай эле жакшы… Албетте сага эмес ал үчүн жакшы… Эркек качан ыйлайт? Эркек акыркы жылдары азайып баратат. Эркек өзүнүн ким экенидигин, табигатын, маңызын унутуп калды. Ошого катар анын баалуулуктары өзгөрдү. Ошого жараша алар ыйлайт турган иштер да башка болду. Бүгүн эркек “кызы” таштап кетсе ыйлайт, сүйгөнү таштап кетсе ыйлайт, аялы таштап кетсе ыйлайт. Башка нерсеге ыйлабай калды. Негизги жашоосу кыз, кыз деп келип, кыз деп жашап, кыз деп өлүп беришүүдө. Мурда кыз үчүн ыйлоо уят болсо, бүгүн сыймык жана кадыр барк болду. Бакрга окшогон, Алыкулга окшогон, жана башка ыйлаак эркектер көбөйүп эркектердин мээсин уландырууда. Эркек кызды сүйөт, жетет. Жетпесе, максатын көздөй кадам шилтей берет. Кыздын көңүлүн алуу, ага убакыт бөлүү, романтика жасоо, максатсыз, караңгы эркектин иши. Андай иш-аракетти эркектен талап кылган, күткөн кыз, кем-акыл, түркөй. Эркек максат койбой жашагандыгына ыйласын. Максатына бараткан жолдо ыйласын, максатына жетпей калганда ыйласын. Башка учурда ыйлабасын! Максатка кыз эч качан кирбейт. #эркекбол Жакшылык эч качан эскирбейт, трендтен же модадан калбайт, ал дайыма жаңы, эң акыркы жаңылык сыяктуу. Млн жолу ошол эле жакшы иш кайталанса деле алгачкы жолкудай жагымдуу, жүрөккө жакын. Жакшы адамдар канчалык көп болсо да ар бирине жүрөктө орун табылат. Жакшылыкты жараткан Аллахка түбөлүк даңазалар болсун! Жакшы тилек - жарым ырыс! Оюңду оңдосоң ишиң оңолот. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Сен жакшысың замандаш, сен бизге, үммөткө жана үй-бүлөңө керексиң, дайыма жакшы бол! Бейиште чогуу бололу❤️ Акыркы учурда кээ бир баштан өткөн анча-мынча окуялар турмуштун кээ бир ачуу сабактарына үйрөттү. Азыр жеке кызыкчылык гана бар заман экенин капалантса да баёолугуман улам кеч аңдадым. Ар жерде, ар кандай шартта тапкан дос-чарың да бир өтүчүңө жарабай калат экен (ооба, алар милдеттүү эмес болсо да). Милдет кылып, "мен сага, сен мага” деп эсептешкен алака-мамилени өтө жаман көрөт элем, неге чын ыклас болушпайт деп, көрсө, кээ бир адам «башкысы мага болсо болду, калганы кызыктырбайт» дейт тура. Ушуну түшүнгөнгөн соң мындан ары мурдагыдай эт-петимен кетип, так секире чукул кол сунууга даяр тургум келбей калды. Эч кимге эч кандай муктаж кылба деген тилек тилөөнүн түпкү маанисин да билдим, жардамды да өзүңө өзүң бер, аракетиңди да өзүң көр, кыскасы, баарын өзүң гана, эч үмүтөтпө. Мындай тыянакка өткөндө бир ишке байланыштуу мен келесоо досторум деп эсептеген пенделер колунун учу менен кылып коё ала турган өтүнүчүмдү мусапырдай кылып этибарга албай койгондо келдим. Дептиррр #аудиокитеп #кыргызча #окуялар #кыргыз #шумдук #баян

Смотрите также