Ишенимдин Пайдубалы 2-сабак Андрей Петерс

Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: Сайт:
Instagram:   / jakshykabar   Facebook:   / jakshykabarmedia   Twitter:   / jakshykabar   Урматтуу достор Ишенимдин пайдубалы аттуу темабыздын экинчи сабагына кош келиңиздер! Жаралуу жөнүндө Кудай дүйнөнү жараткандыгы жөнүндө андан ары караардын алдында, биз алгач ошол китептин өзүн кыскача карайбыз. Бул китеп эврейче «Тоорат» деп аталат ал эми арабча «Тора» деп аталат. Бирок бул Ыйык Жазуудагы бир эле китеп. Ыйык Жазууда ал Пайгамбарлар же болбосо Жазмалар деп аталат. Кудай бизге аны Өзү жөнүндө ачып бериш үчүн берген. Кудай бизге Өз сөзүн Ыйык Жазууну эмне үчүн берген? Ал кантип биздин колубузда болуп калган же эмне ал асмандан түштү беле? Келгиле бул жөнүндө бир аз карайбыз: биринчиден Кудай адамды жаратып жатканда биз буга дагы кайрылабыз. Кудай адамды жаратканда ага бир өзгөчө, уникалдуу мүмкүнчүлүктү берген, андай мүмкүнчүлүк эч бир жаныбарда, бардык жаратылган эч бир жандыкта болгон эмес. Бул болсо өз оюн сөз менен айтып жеткире ала турган жөндөм. Анткени адам бул ой жүгүртө алган жандык, адам ойлоно алат,бир нерсени сезе алат, түшүнө алат жана ал өз оюн сөз менен түшүндүрүп бере алыш үчүн Кудай ага ушундай жөндөмдүүлүктү берген. Адамдар бири-бири менен сүйлөшө алышы үчүн, бири бирине өзүнүн эркин билдире алыш үчүн Кудай адамга ушундай жөндөм берген. Адамдар тилсиз сүйлөшпөй туруп же болбосо сүйлөшө ала турган жөндөмсүз алар бири бирин түшүнө алышпайт. Мисалы мен силерге сүйлөп өз ойумду билдирип жатам жана силер мени түшүнүп жатасыңар а бирок эгер мен сүйлөй албасам анда силер эч нерсени түшүнө алмак эмессиңер. Ошондуктан Кудай бизге сүйлөй ала турган, өз оюн айтып жеткире ала турган жөндөм берген. Сүйлөө жөндөмдүүлүгү бул абдан уникалдуу нерсе. Бирок бул жөндөм адамдар бири бири менен гана сүйлөшүп бири бирин гана түшүнүү үчүн эмес, бирок Кудай адам менен сүйлөшө алыш үчүн берилген жөндөм. Кудай болсо адамдар ошо Кудайдын Өзүн тшүнүшүн каалаган. Адам инсан катары Кудайга өз ойун айта алышын каалаган. Жана Кудай Өзү дагы адамга Өзүнүн ойлорун, сезимдерин, Өзүнүн эркин билдирүүнү, түшүндүрүүнү каалаган. Кудай адам менен мамилелешүүнү каалаган. Ошондуктан Ал Өз сөзүн тандаган. Сөз бул бизди байланыштырып турган нерсе. Сөз аркылуу биз бири бирибиз менен мамилелешип,бири бирибизге ойлорубузду, сезимдерибизди, сүйүүбүздү билдирип, бири бирибизге өз көйгөйлөрүбүз жана башка нерселерибиз менен бөлүшө алабыз. Сөздү Кудай ойлоп тапкан, сөздү Кудай жараткан «Э4 башында с-з бар олгон, жана сөз Кудайда болгон» деп жазылган. Өз сөзү аркылуу Кудай баардык нерсени жараткан. Бирок эгерде адам сөздү четке каккса, сөздү кабыл албаса анда башка жол аркылуу адам Кудайды таанып биле албайт анткени Кудай Өзүн сөз аркылуу ачып берет. Анын сөзү аркылуу гана биз Кудай жөнүндө Анын Өзү жөнүндө биле алабыз. Ал бизге Өзүн канчалык ачып берсе биз Ал жөнүндө ошончолук гана биле алабыз. Кудайды биз лабораториялык жолдор аркылуу же илимий жолдор аркылуу таанып биле албайбыз. Биз Ал Өзү бизге Өзүн канчалык ачып берсе ошончолук гана биле алабыз. Жана Кудай Өзүн бизге сөз аркылуу ачып берген. Көпчүлүк адамдар бул китепти адамдар жазган деп, Кудайдын сөзүн четке кагып келишет. Бирок биз Кудайдын сөзүн ушинтип четке каксак анда биз Кудай жөнүндө, Кудайдын Өзү жөнүндө таптакыр биле албайбыз. Ошондуктан биз Кудай Өзүнүн китебин кантип бергендиги жөнүндө карайбыз. Ооба, Ал Өз китебин адамдар аркылуу бизге берген жана бул адамдар кандай адамдар болушкан? Ыйык Китеп бул адамдарды пайгамбарлар деп атайт. Ыйык китеп бул бир нече китептен турган китеп, библиотека деген сөз бар грек тилиндеги бул сөз китептердин жыйнагы дедегенди билдирет. Ыйык китеп болжолу менен бир жарым жыл аралыгында кырктан ашуун авторлор тарабынан жазылган. Бул авторлор койчудан баштап, падышага чейин ар кандай адамдар болгон. Жана пайгамбарлар дагы алар сөзсүз эле абдан билимдүү адамдар болушкан эмес. Алар Кудайдын элчилери болушкан. Кудай алар аркылуу Өз элине сүйлөгөн. Бул китепти ар кандай адамдар, ар кандай авторлор жазса дагы жана ал ушунчалык узак аралыкта узак убакыта жазылса дагы аны бир бүтүн кылып бириктирип турган бир чындык бар. Бул болсо анын автору Бирөө. Алар бири бири менен байланышып турат анткени бул китептин автору Бирөө гана. Кудай адамдарды тандап аларга дем берип жана алар аркылуу адамдарга Өзүнүн катын жөнөтүп, Өзүнүн эркин билдирип турган. Пайгамбарлар аркылуу бардык жердин тургундары Теңир мындай дейт деп Өзүнүн сөзүн, Өзүнүн эркин жөнөтүп турган.

Смотрите также