Качып кеткен кыз-жигит: Кыздын апасы кыз кайтып келсе эмне кыларын айтты

Буга чейин Турмуш басылмасына Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү качып кеткен кыз-жигит тууралуу макала жазылган. Алар ушул жылдын 22-сентябрь күнү качып кетип, 4 айдан бери ар жакта качып жашап жүрүшкөнү айтылат. Ошол убактан бери ата-эне кызын тергөө учурунда гана көрүшкөн. Тергөөдө кыз өз каалоосу менен качып кеткенин айткан. 19 жаштагы кыздын (К.Э.Ф) ата-энеси жана туугандары алып качып кеткен жигиттин эшигинин алдында беш күндөн бери “кызыбыз менен жолуктур» деген талап менен турушат. Апасы Гульмира Косо-углу кызына кайрылуу жасап, өз үйүнө кайтып келүүсүн суранды. «Кызым тергөөгө келгенде, кучактасам экөөбүздү эки жакка ажыратып салышты. Ошол убакта эки бетинен кармап, «кызым, өзүм коргоп аламын, ачыгын айт. Коркпо»-десем, кулагыма үч жолу «силерди каматып ийет» -деп айтты. Кызым өз каалоосу менен качкан жок, ал бирөөлөрдүн коркутуу астында эле жүрөт»-дейт.

Смотрите также