Сайт использует сервис веб-аналитики Яндекс Метрика с помощью технологии «cookie». Пользуясь сайтом, вы даете согласие на использование данной технологии.
Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү Кара-Кокту айылында жайгашкан Даңги үңкүрү ( эл оозунда Тилла кан) өзүнүн кызыктуу уламыштары, кышында жылуу болгон дарылык касиети бар суусу, иликтене элек кендери менен өзгөчө. Кышында жылуу суу бууланып турса, жайында муздак суу агып чыгат. Үңкүрдүн аркы бети туюк болуп суу кайсыл жактан пайда болгону таң калтырат. Буттун кызыл ашыгынан келген суунун өлчөмү азайбайт да көбөйбөй бирдей агып турат. Бир убактарда малдар кирип, адамдар кирип булгап салган үңкүрдү мындан 3 жыл мурда тосуп ачкыч менен ачыла турган кылып коюшкан.