Сени менен - Бакыт Акматов, Нуржан Түмөнбаева

Сени менен Сөзү: Изат Айдаркулова Обону: Муктар Гайымов Жигит: Сени көрүп сезимдерге болду жаным мас, Сендей жандар өмүрдө аз билем табылбас. Сел жүргөнсүп тоолорунда бул табияттын, Сен жүрөсүң ойлорумда билсең карындаш Кыз: Сүйүү деген уч-кыйырсыз терең бир деңиз, Сүзөттүрбүз агымында балким бирге биз. Чындыгында сүйүү болбой гүл да ачылбайт, Чын сүйсөңүз жүрөгүмө жолду издеңиз Жигит: Арбап алдың акылымды, бүтүн дүйнөмдү, Ажарыңа теңебеймин сансыз гүлдөрдү. Сезбегенмин башкалардан мындай сүйүүнү, Селкинчеги сезимдердин сенден күүлөндү Кыз: Аккан суудай мезгил тынбай агып барат ай, Ак сүйүүдөн билем баары бакыт табат ай Жүргөн элем күүгө келбес комуз өңдөнүп, Жүрөгүмдүн кылын черттиң козгоп агатай Жигит: Өтөрүм чын өзүң менен жаным өкүнбөй, Өмүр бою издеп келгем жанды өзүңдөй. Карегиңден тутандырган сүйүү жалынын, Калгым келет түбөлүккө сактап өчүрбөй Кыз: Агатайым мен деп канча кетти айлаңыз, Арзууңузга жүрөктөгү жетпей калбаңыз. Ак сүйүүмдү аярлаган сизге арнайын, Ак булуттай кир жугузбай бийик кармаңыз. Жигит: Биздин сүйүү бир китепте эки барактай, Кыз: Биздин сүйүү бир кайыкта эки калактай. Чогу: Бир жүрөлү ажырабай өмүр өткөнчө, Биз экөөбүз бир куштагы эки канаттай.

Смотрите также