Нуржан Тумонбаева - “Ал кезде кайдан билчү элек”

“Ал кезде кайдан билчү элек” Сөзү Г.Рыспаева Обону Ж.Исраилов ⠀ Ким билет өмүр эсебин Суранган ойго жетерин. Суктанып көздөр караган Сулуулук бир күн өчөрүн Сулуулук бир күн өчөрүн. ⠀ Кайырма: Ак жалын болуп күйчү элек Ак дилден таза сүйчү элек Алтындай жаштык өтөөрүн Ал кезде кайдан билчү элек Ал кезде кайдан билчү элек ⠀ Бар бекен билген эсебин Байкалбай өтуп кетерин Балбылдап сүйүү чакырган Каректен жылдыз өчөрүн Каректен жылдыз өчөрүн ⠀ Кайырма: Балбылдап оттой күйчү элек Бакытка тойбой жүрчү элек Балалык өтүп кетерин Ал кезде кайдан билчү элек Ал кезде кайдан билчү элек ⠀ Билбестир өмүр эсебин Билинбей өтүп кетерин Кандырбай жаштык отуна Ызалык жүрөк эзерин Ызалык жүрөк эзерин ⠀ Кайырма: Адырда ойноп жүрчү элек Адырдын гүлүн терчү элек Алтындай жаштык өтөрүн Ал кезде кайдан билчү элек Ал кезде кайдан билчү элек

Смотрите также